Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда КСДПнын өкүлдөрү Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот аларды 9-апрелге чейин үй камагында калтырууну чечти.
Алар "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "баш аламандык уюштуруу", "барымтага алуу" беренелери боюнча айыпталууда.