"Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча иштеп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууга кызыкдар",- деп билдирди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 21-августта Тажикстанда журналисттер менен жолугушуу учурунда. Сатыбалдиев чек ара көйгөйү боюнча биргелешип иштөө эки тараптын байланышын жакшыртууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп эсептейт.
"Чек арада чыккан жаңжалдарга тез арада чара көрүүнү жана чырды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү камсыздашыбыз керек",- деди Сатыбалдиев.