Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте өтчү дагы бир турнирге катышат

Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков Ташкент шаарында өтө турган эл аралык "International Solidarity Championships" турнирине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Бул турнир олимпиадага лицензия алууга жардам болот. Негизи оор атлетикада олимпиадага тандап алуу ушундай жол менен өткөрүлөт. Олимпиадага бир жарым жыл калганда ар бир спортчу 6 рейтингдик мелдешке катышышы керек. Кайсы мелдешке катышарын спортчу менен машыктыруучусу өздөрү тандайт. 6 мелдеште чогулткан упайы боюнча олимпиадага жолдомо берилет. Ар бир салмактык категорияда алдыңкы 14 спортчуга лицензия берилет. Бул турнир Бекдөөлөт Расулбековдун 6-турнири. Бекдөөлөт чогулткан упайлары боюнча олимпиадага лицензия уткан же утпаганы апрель айынын ортосунда белгилүү болот", - деп билдиришти агенттиктен.

Буга чейин Бекдөөлөт Расулбеков Иранда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан