Окумуштуулар дүйнөнүн эң келбеттүү мырзасы деп британиялык актёр Роберт Паттинсонду аныкташты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, "Күүгүм" тасмасынын жылдызы Брэд Питт менен Дэвид Бекхэмден ашып өттү.
Окумуштуулар байыркы гректердин "алтын кесилиш" математикалык формуласынын негизинде атактуулардын жүзүнө изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада алгоритм Роберт Паттинсондун бетинин түзүлүшү "алтын кесилиш" формуласына 92 пайызга дал келерин аныктаган.
Ал эми бул изилдөөгө катышкан англиялык актёр Генри Кавиллдин бетинин түзүлүшү формулага 91 пайызга дал келген. Америкалык актёр Брэдли Купер үчүнчү орунга жайгашса, актёр Брэд Питт төртүнчү орун деп табылган. Былтыркы жылы жогорудагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эң келбетүү деп табылган актёр Жорж Клуни бул ирет бешинчи орунга жайгашкан.