Кыргыз өлкөсүнүн жаш футболчусу Гүлжигит Алыкулов UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жакындан таанышкысы келээрин айтты. Бул тууралуу ал "Кайрат" клубунун сайтына маек берип жатып билдирген.
"Мен футболдон башка MMA спортуна кызыгам. Кичинекей кезимде байкем экөөбүз эрежесиз эр урушту көп көрчүбүз. Бул спорт менен машыккан адамдардын карьерасын кызыгып көрүп турам. Исраэла Адесанья, Хабиб Нурмагомедов жана Жон Жонстун мушташкандары жагат. Анан албетте, Валентина Шевченко. Мен Валентина Шевченконун Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөнүнө сыймыктанам. Мүмкүн болсо, Шевченко менен жакындан таанышкым келет", - деп билдирген футболчу.