"Кечикпөө жана убара тартпоо үчүн туура иш жасоодон мурда, туура мамиле жасоо маанилүү", - дейт жазуучу Куштарбек Кимсанов. Ал отуздан ашуун китептин автору жана билим берүү тармагында көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан агартуучу.
Бул жолу SUPER.KG порталы Куштарбек Кимсанов менен маектешти. "Коомду китеп окууга кызыктырышыбыз керек" деген каарманым билим берүү тармагы, жазуучулук ишмердүүлүгү жана коомдогу кээ бир окуялар тууралуу айтып берди. Кызыктуу маекти окуп чыгууну сизге дагы сунуштайм, окурман!
- Бала кезиңизде ким болом деп, эмнеге кызыкчу элеңиз?
- Мектепте окуп жүргөн мезгилимде журналист болууну кыялданар элем. Бул оюмду үйдөгүлөргө айтсам, алар: “Журналист болуу үчүн англис тилин жакшы билсең катардагылардан айырмаланган журналист болосуң. Эгер катардагы эле журналист болууну каласаң, анда болбой эле койгонуң оң” деп кеңеш айтып калышты. Ата-энем “балдарга билим берип, сооп жагын танда” деп кесип тандоого багыт көрсөтүштү. Бул багыт себеп болуп, ардактуу мугалимдик кесипти тандап калдым. Бирок билим берүү тармагына башчы болуп келүү негизги максатым болгон эмес.
Ошентсе да ички туюмумда билим берүүнү жакшы нукка бурганга салым кошоюн деген максатым болгон. Ал максатты ишке ашыруунун үстүндө иштеп, аракет көрүп келе жатам. Кудайга шүгүр, аракеттерибиз аз да болсо өз жыйынтыктарын берди. Бирок ал жыйынтыктарды биз канааттана турган жыйынтык деп эч качан айтпашыбыз керек. Анткени мезгил жаңыланган сайын билим дагы улам жаңыланып турат. Кечээ эле “кол менен жазбай, машинка менен басып бергиле” десе, бүгүнкү күндө компьютер, маалыматты ыкчам берүү пайда болду. Ал эми мугалимдерге көрсөтмө курал дегендерди таштап, интерактивдүү такта менен 3D форматында сабак өтүү мезгили келип калды. Тилекке каршы, аны пайдаланбай жатабыз.
- Азыркы учурда ушул эле багытта иштеп жатасыз да?
- Азыркы учурда китеп жазуу, китеп чыгаруу жана китеп которуу багытында ишмердүүлүк жүргүзөбүз. Андан каржылык пайда көрүү эмес, элди китеп окууга кызыктыруу максатында иштейбиз. Китепти биз ичиндеги мазмунга жараша баалабашыбыз керек. Китепке кетирген каражатка товар катары баа койсок гана окурмандар көбөйөт. Азыркы учурда китепти адамдар окубайт деп нааразы болобуз. Өзүбүз окута албасак, окубайт да! Биз окурмандарды китеп окута алышыбыз керек. Биз китеп окушубуз керек дегенди артка калтырып, китепти окутушубуз керек деген позицияда жашай турган мезгил келди.
- Окурмандарды кызыктырып, китеп окутуу үчүн ким көп аракет жумшоосу зарыл?
Максатка жетиш үчүн дагы сөзсүз түрдө ошол тармакка тиешелүү аракеттер болушу зарыл. Бул жерде адамдарды китеп окутууга бир эле авторлор жооптуу болбошу керек. Ошол эле учурда басмаканалар, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулук биргеликте аракет көрүшү зарыл.
- Коомдогу окуучу менен мугалимдин же мугалим менен ата-эненин ортосундагы ызы-чуулар эмнеден келип чыгат деп ойлойсуз?
- Коомчулукта кубандырган дагы, капа кылган дагы ар түрдүү окуялардын жүз берип жатышы тирүүлүктүн бар экенинен кабар берет. Ал эми тирүүлүктө кантип туура жашаганды билебиз же билишибиз керек деген суроолордун туура жооптору тактала элек болгондугу, туура жооп такталган болсо дагы ага жеткирүүчү жолдордун аныкталбагандыгынан ар түрдүү окуялар болууда. Ууруга каршы күрөшүүдөн мурун уурунун себебине каршы күрөшүү керек деген сөз бар да.
“Баланча окуучусун уруптур”, “түкүнчө ата-эне мугалимди тилдептир” деген сыяктуу окуялардын келип чыгуудагы түпкүрүндөгү угуту эмне? Өнүп чыккандагы данеги кайсы эле? Биз анын жалбырагына, мөмөсүнө же дарагынын бутагына асылып жатабыз. Балким түз бара жатып, бир дарактын бутагы чирип калган болсо, биз дарактын башын сындырып жатабыз. Ошондуктан деңгээл деген маселени калыптандырышыбыз керек. Деңгээл дегендин ичинде адамзаттык, акыл, ыйман, билим, түшүнүк сыяктуу деңгээлдер бар. Аны калыптандыра албасак, жогоруда аталган маселелердин жакшысына караганда жаманы, тунуктарына караганда кирлери көбөйгөндөн көбөйө берет. Биз анын чыныгы көнүккөн себептерин гана айтып, сөз кыла беребиз. Бирок тамыры дагы деле жер алдында бутактанып, ал жашай берет. Ошондуктан деңгээлди калыптандыруунун, жаңы нукка салуунун туура жолун табууга белсенип, чуркашыбыз керек.
- Китеп которууда аны кайсы тилден кайсы тилге ооштуруп которосуз?
- Биз китеп которгондо, негизинен үч эле тилден карайбыз. Англис тили, түрк тили жана орус тили. Анткени биз сыяктуу улуттардын көпчүлүгү мына ушул тилдерге басым жасашат. Дүйнө жүзүндө китептер эң көп англис тилинен которулат. Орто Азияда англис тилинен орус тилине которуу жана орус тилинен өз эне тилине которулган китептер көп. Бирок биз алардан айырмаланып, бир чыгарманы өзүнүн уңгу тилинен которгонго басым жасашыбыз керек деген бүтүмгө келгенбиз. Буга бир нече арттагы издерибиздин жыйынтыгы себеп болду. Анткени бир эле китептин бир нече тилдеги котормосун алып көргөнүбүздө, ар кимиси өздөрүнө ылайыктап которуп алган жагдайлар бар. Чыныгы бере турган ой бурмаланып олтуруп, тараза дегени таш деп бүтүп калган сыяктуу учурлар болот.
Эркин котормо кээде өзгөрүшү мүмкүн. Айталы, Алыкул Осмоновду “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын которгон эмес, жазып чыккан деген сынчылардын пикирлери көп тараган. Сюжетти алып, бирок аны өзү жазып чыккан деп айтышат. Мен деле ал айтылган кептерге кошулам. Бул талант дараметинин бийиктиги. Бирок которгон менен жазып чыккандагы айырманы аныктоо ошол китептин өтүмдүүлүгүн, элге жетимдүүлүгүн жөнгө салат экен. Мисалы, 100 китеп которулуп ар бири элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло албай калса, ал котормочу каражат дагы таппайт, кадыр-барк дагы таппайт. Каражат дагы кадыр-барк дагы котормочудагы негизги максаттарга кирет. Анткени кадыр-барк табыш үчүн элге эмгегиң сиңиш керек, калк андан пайдаланыш керек.
Китеп пайдалуу болсо кадыр-баркың өсөт, ал көп сатылса анда каражат өсөт. Ошондон улам түз которуп жаткан китептер ушул үч тилден болууда. Биз көбүнчө которууда мазмунду түз которууга көңүл бурабыз. Анткени сөзмө-сөз которуу бул калька болуп калат. Бул түрдөгү которуу туура эмес. Андан такыр башка ой чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан автордун берейин деген оюн, жүзүн эч качан бурбашыбыз керек. Мындан улам биз мазмундуу которууга аракет кылабыз. Ал эми мазмунду баяндап берип, өзүнүн китебиндей кылып жазып чыгуу дагы туура эмес. Анткени автордун башка тилдерге китеби которулганда, ал өзүнүн автордук укугунун сакталышын каалайт. Баяндама сыяктуу болгон котормодо ал которулган китептин ээси дагы, автору дагы ошол котормочу болуп калат. Бул котормо болуучу китептерге уруксат алуу абдан кыйын болуп жаткан учурда арга жоктон ошол кадамга баруу дегендик. Бул бир жагы. Экинчи жагы ошол китептен көбүрөөк акча түшөт. Биз чынында адам акысына этият мамиле кылыш керек деген ойдо туура эмес ыкмаларды пайдаланбайбыз.
- Акысына кирүү дегенди кенен түшүндүрө кетсеңиз, туура эмес ыкма дегенди кандай түшүнсө болот?
- Мисалы, Англиядагы жазуучунун китебин кыргыз тилине которуп, аны басмадан чыгаралы десек, ал автордон уруксат алышыбыз керек. Эгерде ал автор өтүп кеткен болсо, анын мураскеринин уруксаты керек. Эгер автордун көзү өтүп кеткенине 70 жылдан ашкан болсо, анда уруксат сураштын кажети жок. Болгону китептин автору ошол киши экенин жазып чыгарууга болот. Бул эл аралык стандарттагы норма болуп эсептелинет.
Ал келишимде Англиянын жазуучусу ошол китепти кыргыз тилине которууга уруксат берип, 1000 долларга өзүңөр чыгарып сата бергиле десе, ал 1000 долларды биз бир эле жолу чыгаруугабы же мындан ары дайыма кыргыз тилиндегисин өзүбүз чыгарып туруугабы деген маселелерди оболу тактап алышыбыз керек. Себеби алар бир даанасы үчүн айталы 50 сомдон акча берип турасыңар чыгара бергиле десе, биз 1000 даана чыгарып туруп 500 даана эле чыгарып алдык десек, анда алардын акысына кирген болобуз. Бирок көбү эле бул эрежени сактай бербейт. Кээде акчага деле бааланбаган учурлар болот. Автордон уруксат алып коюунун өзү дагы ал адамдын акысына кирбөө дегенди түшүндүрөт. Эгерде ал сотко бере турган болсо, сот аркылуу далилденген болсо өтө көп жазаны төлөп калат.
Ал эми алар сотко бербей эле сүйлөшө турган учур келет деп койсо, анда ал дүйнөдө акысына кирген адамдын абалы оор болот. Ошон үчүн адам акысы деген маселе керек болсо, Кудай дагы ортого аралашпаган өтө маанилүү нерсе экенин адамдарга жеткирүүбүз керек. Бир китептен айталы 300 миң сом пайда тапкан котормочу же басмакананы ээси ал 300 миң сом эмес 3 тыйынчалык болбой калган күн келе турганын ойлонушу керек. Бирок напси деген балээ адамды ушунчалык алдап, жаман жолго тартып турат.
- Жазуучулук ишмердүүлүгүңүз тууралуу билгим келип турат, жазган китептериңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Жеке өзүм автор болуп чыгарган китептеримдин саны 30дан ашат. Котормо боюнча 5-6 эле китеп чыгардык. Негизи китеп чыгаруу биздин киреше булагыбыз эмес, хоббибиз. Анткени биз калем, кагаздын адамы болуп жашаганды жактырган мүнөзүбүздөн улам, бул тармакта жүрөбүз. Бул тармак эгер жакшы иштесең өзүңдү, үй-бүлөңдү, элиңди багат. Эгерде жалкоолук кылсаң жүрө бересиң, башка жактан багылышыңа туура келет.
- “Тарых өткөн чактын күзгүсү десек болот. Бул күзгүгө жакшы карангандар өздөрүн туура байкап, кемчиликтерин көрүп, алардан сабак алышат. Келечектин жаркын болушуна ишеничтүү кадамдар менен бет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, - деп жазылат “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебинде. Бул китепти которуу идеясы кантип келип калды эле?
- “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы”, “Ак лилия гүлдөр өлкөсү” деп мындан бир кылым мурда Финляндия өлкөсүндөгү оор абалдан чыгууга жалгыз эле Снелман деген адамдын аракеттеринин жыйынтыгы өлкөнүн жаңы бир нукка өзгөрүшүнөн, жакшырышынан келип чыккан идеялардын топтому болгон китеп. Ал китептин өзгөчөлүгү аны фин улутундагы адам жазса, ал өз улутун мактап коюптур деп айтсак болмок. Бирок китеп финдерге запкы берип жаткан улуттар тарабынан жазылып жатат. Бул деген чыныгы кашкайган чындык кылым өткөндөн кийин ашкереленди дегенди түшүндүрөт. Ал жөн эле китеп түрүндө эле көркөмдөлүп калбастан, анын бул дүйнөдөгү жашоо жагдайындагы, чындыктары бардык тармагында көрүнүп атат.
Мисалы, Финляндия билим берүү тармагында дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыгып жатат. Бизге эле окшогон өлкө. Бул китепти жазып калуу идеясы мындай болду. Досторубуз менен китепти англис тилинде окуп калып, анан талкуулап, сүйлөшүп калдык. Биз кантип Кыргыз өлкөсүн ушул сыяктуу өнүктүрсөк болот деп ойлондук. Антип ойлонгондордун саны аз болгондуктан, биз бул оюбузду башкаларга дагы жеткирүүнүн камын көрө баштадык. Ошентип китепти кыргыз тилине которуп, жалпыга жайылталы деген чечим чыгардык.
Китеп 2011-жылы которулуп, 2012-жылы чыкты. Ал жарык көргөндө соопту көздөп, окурмандарга акысыз тараттык. Китептин экинчи басылышы сатылып, үчүнчү басылышы дагы сатылып, түгөнүп калды. Жакынкы күндөрү төртүнчү басылышы чыгат. Бул басылышындагы айырмачылык, биз автор которуп бергенден сырткары, азыркы Финляндиянын абалы, ал китеп тууралуу ойлор, китепти башкаларга окутууга жан үрөгөн жалындуу жарандардын пикирлери жана тесттер кошулган.
Биз мурдагыны эле кайталап олтура бербейли деп “Мыкты адам” деген экинчи китепти чыгардык. Анда университетте профессор болуп иштеп жаткан жаш илимдин доктору ишин таштап, өз айылына келип, катардагы мугалим болуп иштеп калганы укмуш сүрөттөлөт. Албетте, бул азыркы коомдо акылга сыйбаган жорук да. Жаш мугалимди ректорат акылдан айнып калыптыр десе, айылдаштары аны жакшы кабыл албай коёт.
Алар өлкө башчыдан айылда иштеп келди деген ат үчүн, өмүр баянына жазылыш үчүн жана сыйлык, наам алыш үчүн келди дешет. Окуучулар болсо аны тоготуп дагы койгон эмес. Бирок мугалим өзүнүн башкача иш аракеттери менен алкоого алынып, окуучулардын сүйүүсүнө ээ болот. Ал чыгуу учурунда дагы балдарга көңүл бөлгөнү укмуш сүрөттөлгөн. Кыргыз өлкөсүндө ошондой өз ишине берилген мугалимдер көбөйсө, өлкөбүз өтө тез өнүгөт.
- Мындан улам шаарда гана жакшы билим берилет, айылда билим жакшы берилбейт деген сөзгө ынанууга мүмкүнбү?
- Билим сапатын көтөрүүнүн жалгыз эле жолу бар деп айткан адам адашат. Анын абдан көп жолдору бар. Айрым жолдор кыска жолдор, бирок ошол кыска жолдорду басып өтүү андан аркы узак жолго түшүүгө себеп болушу мүмкүн. Бул узак сүйлөй турган, алтургай бир китеп кыла турган маселе. Ал эми айыл мугалимдери менен шаар мугалимдеринин айырмасы чоң, айыл мугалимдери жакшы сабак өтө албайт, шаар мугалимдери мыкты сабак өтөт деген ой бир түрдүү караган эле көз караш болуп калат. Албетте, мен бул ойго кошула албайм. Анткени буга далил менен бир мисал келтире алам. Шаардык билим берүү башкармалыгында жетекчи болуп турган учурумда олимпиада өткөрүү боюнча предметтердин төрагасы болуп дайындалып калдым. Олимпиаданын орундары сатылбаса экен деп тилеп, болгон күчүмдү ага жумшадым.
Ар түрдүү кызматтагы чоң адамдар бизге үстөмдүк кылып жатты. Бирок биз ал аракеттерге эч маани бербестен, ишибизди уланта бердик. Олимпиадага дайынданган окуучулар орун албай, предмет боюнча түшүнүк деңгээли төмөн башка окуучунун биринчи орунду алып кетиши чынында туура эмес болчу. Бул тагдырга, мамлекетке кыянаттык кылгандык эле. Бирок биз аны жоё алган жокпуз. Ыйладык, сыздадык, өкүндүк жана өксүдүк. Бирок муну жоё албай эле эмес, жөн дагы калтырган жокпуз. Кийин биз чыныгы кызматтын башына келген учурубузда аны жоюш үчүн чет өлкөдөн атайын буйрутма берип, билимди аныктоочу электрондук программа жасаттырдык. Бул жорукту бардык мугалимдер, билим берүү мекемелери жасай алат. Анда олимпиадага катышкан, билим жарышына катышкан жүздөгөн окуучулар бөлмөгө кирет, ар бири компьютердин алдына олтурат. Компьютерге кайсы суроо түшө турганын берип жаткан адам өзү дагы билбейт. Анткени тапшырмага 30 суроо түшө турган болсо, ал 3000 суроодон куралган.
Алдын ала бардык суроолорду окуучуга берип кой, билсин да. Биз мугалимдер окуучунун билбегенин таап алалы деп текшеребиз да. Мугалимдердин жаман жери ушунда. Биз билдирип калалы деп аракет кылышыбыз керек. Мына ушул боюнча мындан башка суроо жок деп бардык суроолорду берип кой. Ал суроолорду билген адам гений. Ал 3000 суроонун ичинен кайсынысы түшө турганы белгисиз. Суроолор компьютерден аралаштырылат, анан баарына бирдей убакытта тапшырма катары берилет.
2015-жылы 26-мартта 34 окуучу предметтик олимпиаданын республикалык туруна катышуу үчүн жөнөп жаткан учурдан көз ирмем.
- Эч бир окуучунун суроолорун барып, сен белгилеп коё албайсың. Анткени суроо негизги компьютерде турат жана аны чоң экрандан көрүп турасың. Окуучу компьютердин алдында белгилейт. Ар бир белгиленген суроосунун алдында туура, туура эмес деп жыйынтыгы чыгып турат. Окуучу акыркы 30-суроону басканда баллдары чыгат. Ал өз жыйынтыгын мугалимдин текшерүүсү жок эле компьютерден автоматтык түрдө билип коёт. Ал ордунан туруп, класстан сыртка чыкканга чейин баланы сыртта күтүп турган ата-энеси андан мурун баласынын канча балл алганын билип коюп жатат. Анткени аларга бары чоң экран аркылуу белгилүү болуп жатат. Бул жерде эч шек жок. Баарына бирдей убакыт, бирдей мүмкүнчүлүк берилип жатат.
Дайыма алдыңкы деп жаткан гимназия, лицей артта калып, ал эми айылдагы окуучулар алдыга чыгып кеткен учурлар катталды. Алар алган орундарына ишене албай, кубанычтан жашып дагы жиберишкен. Буга чейин олимпиадалык орундар башка жолдор менен алынып келсе, бүгүн чыныгы баа болду деген фактылар айтылды. Бул формат Ош шаарында бир нече жылдан бери кайталанып келет жана Ош шаарында олимпиадада орун сатылды деген нерсе тык токтоду. Ошондуктан билим сапатын көтөрүүгө бир түрдүү жол менен жетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча өзүнчө, мугалимдердин макамы боюнча өзүнчө, шарт боюнча өзүнчө иш болушу керек.
- Убактыңызды кантип пайдаланасыз.
- Убакыт - бул өмүр. Улам четинен кертиле берип, ал түгөнүп калат. Убакыт бул көбөйбөйт, ал улам азайып турат. Дүйнөдө эки эле кубаныч бар бири бул дүйнөгө келип калганың өзүнчө кубаныч жаралбай калсаң эмне болмок дегендей. Ал эми экинчиси бул дүйнөгө эмне себептен келгениңди сезген күнүң кубаныч дейт да. Биз бул дүйнөгө эмне үчүн келгенибизди сезе албай жашап жүрүп күнүбүз өткөн болсо, анда өмүрүбүздүн мазмунун жоготкон болобуз.
Жазылбаган пландарымдын көбү ишке ашпай, оюмда жүрө берет. Ал жасала турган убакытта башка нерсе жасалып калат дагы анын мөөнөтү бүтүп калат. Ошондуктан ой максаттарымды кагазга түшүрүп калышым керек. Анан дайым але жазганымдай боло берет деп дагы айта албайм. Жазгандан башка дагы күтүүсүз окуялар чыгышы ыктымал. Кайсы бир жерде сага байланышпаган, убактыңды алуучу жагдайлар көп болушу ыктымал. Бирок аларды дагы жөнгө салыштын жолдорун жагдайга жараша туура чече билүү деген нерсени акыл дараметиң аркылуу жөнгө салсаң болот. Ошондуктан жагдайга жараша чечим кабыл алуу деген жөндөмдү өстүрүшүбуз керек. Аны сөзсүз китеп окуу жана үлгүлүү инсандардын үлгүлүү жактарын алуу аркылуу гана жөнгө салсак болот. Ошондуктан ар бир кадамдын жакшы болуусуна умтулушубуз керек.
Ар бир адамда кемчилик болот. Убакытты туура пайдалануу менен гана ийгиликти багындырууга болот. Бирок эгер убакытты туура пайдаланып, ал өзүңдүн эле пайдаңа боло берсе, анда ал дагы туура эмес өмүрүңдүн текке кеткени. Башкалардын пайдасына ылайыктап жашоо план түзүп алуунун чыныгы рахаты ошол. Анткени белиң бекчейип, көзүң чекчейип чырайыңдан айрылып калган учурда карылык келет. Кубатың кетип калганда артыңдан көктөм көрүнөбү же таштак жол көрүнөбү бул өзүнчө нерсе. Себеби адам курагын пайдалана албайт да. Бүгүнкү нерсени эртең бүгүнкүдөй көрө албайсың. Менин жашоомдогу принцибим жагдайга жараша принциптерди өзгөртүп туруу. Ошондуктан жагдайга жараша өзгөрүлүп турушум керек деп ойлойм.