Латвияда бейтаптан 15 килограммдык шишик алынган

Латвиялык онкологиялык борбордо хирургдар операция учурунда бейтаптан салмагы 15 килограммдык шишикти алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Дарыгерлердин айтымында, бейтапка 2 жыл мурун сейрек кездешүүчү май шишиги (липосаркома) диагнозун коюшкан. Бирок ал медициналык кызматкерлерге кайрылбастан өз алдынча чөп чайлар менен дарыланып жүргөн. Качан гана абалы оорлошуп кеткенде аны ооруканага алып келишкен. Шишикти алуу операциясы 6 саатка созулуп, хирургдар бейтаптан 15 килограмм салмактагы шишикти алып чыгышкан.

"Бул коркунучтуу операция болчу. Анткени башка органдарга тийип алуу коркунучу чоң эле. Ошондуктан миллиметрге чейин дыкаттык менен карап иш жүргүздүк. Шишик аябай оор болуп, операция учурунда көтөрүп турууга туура келди. 15 килограммдык шишикти көтөрүп туруу деле оңой болгон жок. Биз биринчи жолу мындай чоң шишикти алып жатабыз", - деген латвиялык онкологиялык борбордун жетекчиси, хирург Армандс Сивиньш.

Ошондой эле дарыгерлер жашоодон үмүтүн үзүп койгон бейтапка шишик башка органдарга өтө электигине байланыштуу толук кандуу жашоого кайтса боло турганын айтышкан.

Латвияда пациенттен операция учурунда 15 килограмм шишик алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан