Орусиядагы мусулмандардын башчысы: "Орусия Кыргызстандын иштерине кийлигишкен жок"

"Мен "Орусия бийлиги эгемендүү Кыргызстандын иштерине кийлигишип жатат" деген билдирүүлөргө кошулбайм",- деп билдирди Бишкекте конференцияга катышып жаткан Орусиядагы Мусулмандар кеңешинин төрагасы Равиль Гайнудин. "Президент да, премьер-министр да өлкөдө исламчылардын жана мечиттердин санынын өсүп жатышы тууралуу билдирүү жасаган эмес",- деп кошумчалады ал. Айтымында, Орусия мечиттер менен мусулман уюмдарынын мыйзамдуу иштешин колдойт. Орусия да Кыргызстандай эле көп улуттуу өлкө экенин айтты Гайнудин.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан