Түркияда 5-февралда жүргүнчү ташыган учак конуу учурунда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп калды. Ичинде 177 жүргүнчү жана борттун 6 кызматкери болгон. Кырсыктын кесепетинен 120 адам жаракат алганы айтылууда.
"Pegasus" авиакомпаниясынын Измир-Стамбул багытындагы учагы Стамбул шаарындагы Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жатканда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп, күйүп баштаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар тобу келип өрттү өчүрүп, жүргүнчүлөрдү эвакуациялаган. Кырсыктан каза болгондор жок, бирок жаракат алгандар бар деп жазышат түрк басылмалары.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына учактын нөшөрлүү жаан-чачындан улам жерге катуу конгондугу айтылууда.