UFC уюмунун орто салмактагы убактылуу чемпиону Колби Ковингтон америкалык рэпер Кёртис Жеймс Жексонду (50 CENT) бокс эрежеси боюнча рингге чакырды. Бул тууралуу ал ESPN телеканалына маек берип жатып билдирген.
"Мен атактуу адамдар менен мушташкым келет. Кёртис Жеймс Жексонду (50 CENT) бокс эрежеси менен мушташууга чакырам. Мен бул рэпер менен бир колдоп эле мушташам. Бул мушташ үчүн 1 миллион доллар койгонго даярмын. Эгер утуп алсам болгон акчаны Американын куралдуу күчтөрүнө котором", - деп билдирген.
2019-жылдын декабрь айында Колби Ковингтон UFC турниринин алкагында Камару Усман менен беттешип утулуп калган. Бул беттештен кийин 50 CENT Колби Ковингтонду ашыкча сөз сүйлөбөй оозун жаап жүрүүсүн айткан эле.