Бишкектик "Дордой" клубуна жаңы келип кошулган беларусиялык футболчу Максим Шыло жаңы клубу менен көп ийгиликтерге жетишкиси келээрин айтты. Бул тууралуу футболчу "pressball.by" сайтына интервью берип жатып билдирген.
"Мен "Дордой" клубунан сунуш түшкөндө эле клубдун тарыхын карап чыгып, дароо макул болдум. Клуб мени жылуу тосуп алып, жакшы колдоп жатышат. Бул үчүн Дордойго ыраазычылыгымды билдирем! "Дордой" клубунун алдыда чоң максаттары бар жана ошол максаттарга клуб менен чогуу жетем деген ойдомун. Бишкекте татыктуу оюн көрсөткүм келет", - деп билдирген футболчу.
Маалыматка ылайык, беларусиялык футболчу "Дордой клубуна январь айында келип кошулган.