Кыргыз футболчусу Эдгар Бернхардттын командасы АФК кубогунда атаандашы менен тең чыкты

Кыргыз курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардттын командасы АФКнын (Азия Футбол Конфедерациясы) тандап алуу турунун алгачкы оюнунда каршылашын жеңе алган жок.

Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардттын "Дакка Абахани" (Бангладеш) командасы өз үйүндө "Мазия" (Мальдив аралдары) клубун кабыл алган. Оюн 2:2 эсебинде аяктады. Бернхардт бул оюнга негизги курамда чыгып, 90 мүнөт бою ойноду.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы кыргыз футболчусу "Дакка Абахани" командасына былтыркы жылдын ноябрь айында кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан