Түркиянын Стамбул шаарында учак аэропортко конуу учурунда кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 179 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын расмий маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, кырсыкта жабыркаган Boeing 737−800 каттамы Измир-Стамбул багытында учкан. Бул каттамды "Pegasus Airlines" компаниясы ишке ашырган. Жерге конууга 30-40 метр бийиктикте дароо ылдамдыгын жоготуп жиберип, конуу тилкесинен чыгып кеткен. Өтө катуу ылдамдыкта түшкөндүктөн, учак үчкө бөлүнүп кеткен. Борттогу 177 жүргүнчүнүн ичинде 2 жаш бала жана экипаждын 6 кызматкери болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар тобу келип өрттү өчүрүп, жүргүнчүлөрдү эвакуациялаган.
Стамбулдун губернаторунун айтымына караганда, учак нөшөрлүү жаан-чачындан улам жерге катуу конгон деп жазылган маалыматта.
Буга чейин аталган учакта 2 Кыргыз жараны болгондугу маалымдалган.