Бишкек мэриясы кыймылдай баштады. Донецк көчөсү оңдолууда

"Бул жол да акыры оңдолмой болуптур". Мындай сөздү учурда Бишкектин Сүйөркулов (Донецк) көчөсүнүн жанынан өткөн көпчүлүк айтып жаткан учур, айрыкча айдоочулар. Аталган көчөнүн Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Бирок адегенде бул аймак боюнча түшүнбөстүктөр болгон. Мэрия "жолдун туурасын 15 метр кылып кеңейтебиз" деп жол четиндеги дарактарды кыймай болгон эле. Буга жергиликтүү жашоочулар каршы чыгышты. Чакан митинг да өткөн бул боюнча. Муну көргөн шаар башчысы Иса Өмүркулов жыйын өткөрүп, дарактарды кыйбоо тууралуу чечим кабыл алынган. Жолго өтө жакын гана бактар кыйылат. Дарактар кыйылбай калды, жолду куруу жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 1,8 чакырым болгон жолду оңдоо иштери 2-августта башталган, октябрь айында бүтөрү болжолдонууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан