Орусиялык футболчу Ильзат Ахметов жолдоштук беттеште командасына жеңиш алып келип берди

Бишкек шаарында төрөлгөн, учурда Орусиянын ЦСКА командасынын негизги оюнчуларынын бири болгон Ильзат Ахметов жолдоштук беттеште командасына жеңиш алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

ЦСКА командасы бул жолдоштук беттеште даниялык "Норшелланн" командасы менен ойноп 2:0 эсебинде жеңип алды. Бул оюнда Ильзат Ахметов негизги курамда оюнга чыгып, 1 гол киргизди.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Виктор Гончаренконун кол алдында ЦСКА командасы жалпы 19 оюнда 34 упай топтоп, Орусия Премьер-Лигасында 4-орунда жайгашкан.

ЦСКА (Орусия) - "Норшеланн" (Дания) 2:0

Голдор: Влашич (14-мүнөттө), Ахметов (54-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakura715
2020-02-06 18:55:39
Азамат,мындан да коп ийгиликке жетесин!
-3
keku00
2020-02-07 00:15:58
Эми туура жазып баштапсынар "Орусиялык" деп. Кыргыз, Кыргызстандык дегенде нерв болот элем постоянно.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан