Кыргыз мушкери Рафаэль Физиевден жеңилген америкалык мушкер UFC`ден четтетилди

UFC уюмунун расмий сайтынан бир канча мушкерлердин баракчалары өчүрүлдү. Бул тууралуу UFC`нин расмий сайтына жарыяланды.

Баракчасы өчүрүлгөндөрдүн катарында америкалык мушкер Алекс Уайт дагы бар. Бул мушкер акыркы төрт беттеште бир гана жолу жеңишке жеткен. UFC уюмунда Алекс Уайт жалпы 10 жолу беттешке чыгып, 5 жолу жеңип 5 жолу жеңилген.

Маалыматка ылайык, Алекс Уайт UFC`деги акыркы беттешин 2019-жылдын 26-октябрында кыргыз мушкери Рафаэль Физиевге каршы өткөргөн. Бул беттеш жалпы 3 раундга созулуп, калыстар жеңишти кыргыз мушкерине берген. Бул беттеш Рафаэль Физиевдин UFC`деги алгачкы жеңиши болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан