Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунда жайгашты. Бул тууралуу "futsalworldranking.be" сайтына жарыяланды.
Кыргыз курама командасы жалпы 1071 упай топтоп, 43-орунга жайгашты. Коңшу Казакстан 1558 упайы менен 7-орунда.
Алдыңкы бештикти Бразилия (1843 упай), Испания (1801 упай), Аргентина (1648 упай), Орусия (1642 упай) жана Португалия (1639 упай) командалары камсыздашты.
Ал эми Азия чөлкөмүндө Кыргыз курамасы 8-орунда жайгашты.