Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун президенти Флорентино Перес португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты футболчу, туулган күнүң менен куттуктайм! Биз сени унута элекпиз", - деген Флорентино Перес Португалиянын "Record" гезитине.
Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунда 2009-2018-жылдары ойноп кеткен. Клуб менен чогуу Роналду 4 жолу Чемпиондор Лигасын, 2 жолу Испания чемпиондугун жана Испания Кубогун, 1 жолу Испания Суперкубогун жана УЕФА Суперкубогун, 3 жолу клубдар арсындагы Дүйнө чемпиондугун жеңип алган.
Роналду "Реалдын" курамында жалпы 438 оюнга катышып, 450 гол киргизген. Бул көрсөткүчү менен ал клубдун тарыхындагы эң мыкты бомбардирлердин катарына кирген.
Белгилей кетсек, Криштиану Роналду кечээ 5-февралда 35 жашка чыкты.