Экс-прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Өткүрбек Жамшитовду "дуэлге" чакырды

Экс-прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Өткүрбек Жамшитовду түз эфирге "дуэлге" чакырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова билдирди.

Өлкөдөгү укуктук баш аламандык үчүн прокуратура жооптуу деген жактоочу төмөндөгүлөргө токтолду.

"Мен буга чейин өлкөнүн көзөмөлдөөчү органы функционалдык милдеттерин аткарбай жатканын айткам. Азыр дагы ошол оюмдан кайтпайм. Себеби буга чейин Генералдык прокуратурага жазган каттарыма мыйзам чегинде көңүл бурулган эмес. Ал органга мен бардык далилдер жана фактылар менен негизделген арыз-даттанууларымды бир канча ирет жөнөткөм. Бирок жазган каттарыма мыйзам чегинде көңүл бурулбай келгендиктен, ал даттанууларды өлкө башчынын атына кетирүүгө мажбур болдум. Ал эми Башкы прокуратура аларга коюлуп жаткан айып негизсиз экенин айтып, арыздарым мыйзам чегинде каралганын кошумчалашыптыр.

Ошого байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду жана анын орун басарларын түз эфирде жолугушууга чакырдым. Мен алардын алдында символикалык түрдө “кол кабымды” чечип дуэль жарыялаганымдын себеби, эфирде бетме-бет талкууга даяр экенимди билдиргим келди. Башкы прокурорго аялзаты катары эмес, юрист юристке кайрылгандай чакырык таштап жатам. Түз эфирде коомчулукту ким адаштырып жатканын далилдеп бере алам”, - дейт жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Alimbek1000
2020-02-07 15:50:13
Мадумаров жер саткыч сагызгандын кызы окшойт бул деле
-8
Islambek123
2020-02-07 18:21:07
Alimbek1000,жер стакан болсо сен далилдеп сотко бер, саясаттын с тамгасын тушунбой эле жаза бересинби?
+4
Azatbek.Svoboda.
2020-02-10 15:00:39
Alimbek1000,Бироолор дооруп койсо сенда кошулуп дооруй бербечи ! Жер сатса отурмак темир тордо!Ойноп жазсанда ойлонуп жаз!
0
Jaznura
2020-02-07 15:54:20
Сөз деп эле сүйлөй бересиңби?
+4
kanayym.92
2020-02-07 15:56:53
Жолдубаева мыйзам бузуп жатканда Алия кайда карап отурду экен.
+7
chake
2020-02-07 16:01:38
Жолдубаева АШАнын заказын аткарып турган кукла Маша болгонун баарыбыз эле билебиз го
+9
Dembele84
2020-02-07 16:14:17
Дуэлге чакыргыдай сен ким элен?
+1
Mirlan27011987
2020-02-07 18:59:29
Откурбек Жамшутовтон жакшылык деле жок.
+1
arena2014
2020-02-08 09:28:12
Откур эркек болсо чыксын дуэлге!
0
Arlenchik
2020-02-08 12:14:14
Сокенин жамшити кана туз эфирге чыгып беттеш эми анда, чын эле мыйзамдуу иштеп аткан болсон далилдеп бер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан