Бүгүн, 21-августта Аскер соту 7-Апрель окуясы боюнча айыпталуучу Сергей Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Айта кетсек, 17-июлда бул окуя боюнча жүрүп жаткан соттук отурумда жаңжал чыгып, 10 аскер кызматкери жабыркаган эле. “Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев: “соттолуучу Цигельников сот залында жаңжалдын чыгышына себепкер болду, жабыркагандарды мазактады”,- деп сотко кайрылып, аны камакка алууну өтүнгөн. Соттолуучу Сергей Цигельников залдагы жабыркагандарга колу менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыр чыкканы айтылган. Бирок сот буга далил жок экенин айтып, өтүнүчтү канааттандырбады.