Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандардын бири Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жансыз денеге кароо жүргүзүп жатышат. Ал эми туугандары аны таанышкан.
Кошумча маалымат берилет деп билдиришти милициядан.
Буга чейин Бишкекте Канат Асанов 9-январдан бери дайынсыз болсо, аны иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.
"Бир туугандардын эч кандай материалдык байлыгы, бизнеси деле жок болчу. Жөнөкөй, карапайым эле адамдар. Алардын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда", - деп билдирген Асановдордун жакыны.