Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Чыр 7-февралда аталган айылдагы жергиликтүү тургундардын ортосунда болгон.
Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан чыр токтотулуп, окуя көзөмөлгө алынды. Бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен тергөө иштери башталды. Учурда жаңжалдын катышуучулары ким экендиги аныкталып жатат дейт казак басылмалары.
Жаңжалга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик Чек ара кызматынан абал туруктуу экенин кабарлайт.
"Кыргыз-Казак чек арасындагы абал туруктуу. Жамбыл облусунун Кордай районундагы жаңжалга байланыштуу Казакстан менен чектешкен бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", - деп билдирет маалымат кызматынын өкүлү.