Казакстандын президенти массалык мушташ боюнча билдирүү жасап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Чыр аталган айылдагы жергиликтүү тургундардын ортосунда орун алганы кабарланган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү тургундардын ортосундагы массалык мушташта жабыркагандар жана каза болгондор бар экенин айтты. Бул тууралуу ал өз билдирүүсүндө белгилеп өттү.

"Жаңжалдын кесепетинен каза болгондор бар экен. Каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал эми жаракат алгандардын эртерээк сакайып кетишин тилейм. Учурда окуя Улуттук гвардиянын жана полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Тургундардын ортосундагы жаңжал курчуп кетпеши үчүн тиешелүү органдарга чукул чараларды көрүүнү тапшырам.

Ага ылайык, атайын комиссия түзүлүп, жаңжалдын себеби аныкталышы керек;

Чыр-чатактын кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелип, калыбына келтирүү иштерин колго алуу шарт;

Каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнаты уюштурулуп, үй-бүлөсүнө тиешелүү жардам берилиши керек. Мындан тышкары, жаракат алгандарга дагы жардам көрсөтүлсүн;

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тыкыр көзөмөл жүргүзүп, ыкчам тергөө тобун түзүшү керек. Күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керек", - деди Токаев.

Каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу азырынча расмий маалыматтар жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-02-08 12:48:02
Абалды жөнгө салуу керек.
-1
Alimbek1000
2020-02-08 12:58:45
Кудай сакта тынч болгула бир туугандар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан