6-февралда мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бүгүн, 8-февралда маркумду акыркы сапарга узаттуу зыйнаты Москва шаарында өттү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.
"Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Аскар Акаевдин жашаган үйүндө болду. Анда боз үй тигилип куран түшүрүлдү. Москва шаарындагы мечиттен 6 дин кызматкери келип, жаназа окулду. Андан кийин маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө жерге берилди.
Коштошуу зыйнатына Айдар Акаевдин жакындары, жоро-жолдоштору, диаспора өкүлдөрү, активисттер жана Кыргыз өлкөсүнөн бир нече кишилер келишти", - деп билдиришти мекемеден.
Кыргыз диаспорасынан кошумчалагандай, маркумдун жакындарынын суранычы менен сүрөт жана видеолор тартылган жок.
6-февралга караган түнү Айдар Акаев 43 жашында каза болгону кабарланып, андан кийин эле Аскар Акаевдин агасынын уулу Кубан Акаевдин көзү өтүп, кечээ жерге берилгени маалым болгон.