“20 жаштагы кыздарды зордуктаган” деп шектелген жарандардын бири кармалып, дагы бирөө издөөдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Сокулук РИИБине 16-августта саат 22:00 чамасында Сокулук районунун Комсомол айылында Аралбай жана Жоомарт аттуу балдар зордуктап кеткендиги тууралуу арызы менен Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кайрылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектүүлөрдүн бири, 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Б.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда кылмышка катыштыгы бар 2-жаран изделүүдө.