Казакстандагы жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жеткени айтылууда

Казакстандын Кордай районуна караштуу Масанчи айылындагы массалык жаңжалдан каза болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондор ооруканадан жан беришкен. Алардын биринин аты-жөнү такталууда.

Окуянын чоо-жайы:

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ орун алып, ок атышуу болгону кабарланган.

Кыргыз өлкөсүндөгү Токмок аймактык ооруканасына 17 Казак жараны медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Алар Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан жаракат алгандарын билдиришкен.

Жаңжалдын кесепетинен 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алганын өлкөнүн ички иштер министри маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Absamat-90
2020-02-09 13:17:11
Каза болгондордун жакындарына кайрат айтабыз. Тынчтык болсун. Балдардын түн уйкусунан тургузган,энелерди санаага салган окуялар кичинекей түшүнбөстүктун айынан болот.
+3
bbek
2020-02-09 15:32:36
илгертен келген макал бар кимдин жеринде жашасан ошонун ырын ырда деген.дунгандар силер казак жериндесинер баары бир бир тепкич томон турасынаар
0
din_tomas
2020-02-09 18:16:31
Жамбыл областы,Кордай району
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан