ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?
7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.
Социалдык тармактарда чыр-чатак улуттар аралык араздашуудан улам чыкканы айтылып жатат. Ал эми Казак бийлиги турмушта боло турган жаңжал, аны чагымчылдар ырбатып жиберди деген версияны билдирүүдө. Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, жаңжал бири-бирине жол бербеген жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын ичиндеги адамдардын адегенде оозеки, кийин кол көтөрүүгө өткөн уруштан чыккан.
8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.
ЖАҢЖАЛДАН УЛАМ КАНЧА КИШИ КАЗА БОЛДУ?
Жаңжалдан улам түзүлгөн штабдын соңку маалыматына ылайык, 11 адам каза болгон, 40тан ашуун киши жаракат алган. Башаламандыктан зыян тарткандар толук эсептелип бүтө элек болсо да, 30 үй, 15 дүкөн, 23 авто унаа күйүп кеткени маалымдалды. Кордай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Жогоруда аталган айылдар Кыргыз-Казак чек арасына чектеш жайгашкан. Чыр-чатактын эртеси эле Кыргыз өлкөсүнө Казакстандан адегенде аялдар жана балдар өтүп келе башташкан. Андан тышкары Токмок шаарындагы оорукана башаламандык учурунда жаракат алган Казак жарандарын кабыл алган.
КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ КЕЛГЕНДЕР КАЙТЫП ЖАТЫШАТ
Чыр-чатактан кийин Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө 4 миңдей адам өткөнү айтылган. 9-февраль күнү саат 10го карата Кыргыз мамлекетинин Чек ара кызматы 1 миңден ашуун Казак жараны чыгып кеткенин билдирди. Казак бийлиги "Кыргыз өлкөсүнө кетүүнүн кажети жок" деген билдирүү таратып, тартип орнотуларына ишендирип жатат.