Жыл сайын кино тармагындагы мыктыларды аныктоочу "Оскар" сыйлыгы өз ээлерин тапты. АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында жеңүүчүлөрдүн ысымын жарыялоо иш-чарасы өтүп жатат.
Сыйлоо аземи быйыл экинчи ирет алып баруучусу жок өтүүдө.
Голливуд жылдызы Брэд Питт актёр катары биринчи жолу сыйлык алды. Ал "Бир жолу Голливудда..." тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамы менен сыйланды. Сыйлык ээси "Бир жолу Голливудда..." тасмасынын жалпы командасына ыраазычылыгын билдирип жатып эмоциясын жашыра алган жок.
Актёр буга чейин "12 жыл бою кулчулукта" тасмасына продюсерлик кылганы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.