Кыргыз өлкөсүнүн баскетболчулары эл аралык турнирде жеңүүчү аталышты

Кыргыз өлкөсүнүн баскетболчулары жыл сайын өтүп туруучу "Winter Cup - 2020" эл аралык турниринде жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары билдиришти.

"Winter Cup - 2020" турнири Бишкек шаарында өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн жана Казакстандан жалпы 48 команда катышты. Медалдар 3 категорияда ойнотулду.

Кыздар арасында "Firee" командасы финалда "Anadolu" командасын 13:9 эсебинде жеңип алса, үчүнчү орунду "Liberty" командасы алды.

Ал эми эркектер арасындагы оюнда "Динамо" командасы финалда 19:16 эсеби менен "Muras Team" командасын жеңип чемпион аталышса, үчүнчү орунду "КРСУ" командасы багындырды.

18 жашка чейинки категорияда "All Star" биринчи, "Easy money sniper" экинчи, ал эми "Импульс" командасы үчүнчү орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан