Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак берүүдө.
Жактоочу Эрнис Саданбеков соттук-экономикалык экспертизанын негизинде мамлекетке келген чыгым тууралуу сурады.
"Экспертиза боюнча биз анын белгиленгенин жана кайра жыйынтык чыгарылганын гана билдик. Экспертиза кандай жүргүзүлгөнүн, чыгымдагы сумма кантип келип калганын билбейбиз. Аны жасоодо жылдар менен салыштыруу деген милдеттенме коюлган эмес. Бирок кандайдыр бир себептер менен 2013-жыл пайда болуп калыптыр. Мамлекеттик текшерүүдөн өткөн баалар 2015-жыл менен эсептелген. Сметалык документтер долбоордун толук чыгымдарын көрсөтпөйт. Албетте, 2013-жыл менен 2015-жылдагы бааларда айырма болот да. Демек төмөндөтүлгөн коэффициент менен эсептелген чыгым, анын суммасын жогорулатып берген натыйжаны берет. Бул соттук-экономикалык экспертиза боюнча айта берсе сөз бүтпөйт, жаза берсе кагаз жетпейт," - деди Айбек Калиев.