Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC'деги кезектеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мушкер айым өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу жеңишим менен куттуктады. Машыктыруучум Павел Федотовго жана эжем Антонина Шевченкого салам жолдоду. Бул чоң мотивация. Бизге абдан жагымдуу болду. Сооронбай Жээнбеков бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент", - деп калтырган Шевченко өз билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко кечээ, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курун үчүнчү ирет коргоп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-02-10 14:17:08
Азаматсың Валентина биз сени менен сыймыктанабыз!
+5
Alimbek1000
2020-02-10 14:17:45
Мен да куттуктайм сары кыз ВАЛЯ!
+4
chake
2020-02-10 14:22:30
кыргыздын ооз көптүрүп патриот болгон жигиттерине караганда ушул кыргыздын кыздары тың чыкты, эркектери отурат тоогу жоголсо да бийлик күнөөлү деп жамбаштап
-2
guard
2020-02-10 16:37:20
chake,бул жерде бийлик жонундо соз болгон жок ко...
+2
Istina1000
2020-02-11 21:26:30
Валя, азаматсын. Куттуктайм. Барган сайын суйуп кетип атат окшойм ушу сары кызды, чото коргон сайын журок башкача сого баштады : )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан