Бүгүн, 21-августта президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы Чүй районунун Маданият айылындагы Б.Маленов атындагы 9 жылдык мектептин 2011-жылы башталган курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев белгилегендей, мектептин жаңы имараты 150 окуучулук орунга эсептелген. Азыркы учурга бардык жер иштери аткарылган, пайдубалы түптөлүп, тышкы суу түтүктөрү куралган. Ошондой эле мектептин дубалдары тургузулуп, спорт залынын курулушу жүрүп жатат. Алмазбек Атамбаев курулуш иштеринин жай жүрүп жаткандыгын белгилеп, Каныбек Нарбаевге мектептин жаңы имаратты ушул жылы күз айларынын акырына чейин пайдаланууга берүүнү камсыз кылууну тапшырды.
Андан ары мамлекет башчысы Аламүдүн районундагы №2-орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Каныбек Нарбаевдин маалыматы боюнча, бул имараттын үстү жабылып, айнектери салынган, ошондой эле ички электр өткөргүчтөрү толугу менен өткөрүлгөн. Алмазбек Атамбаев билим берүү мекемесинин курулушунун мөөнөтүнүн создугуп кеткендигин эскертти. “Каржы министрлигине эч кандай доомат жок. Бардык каражаттар өз убагында которулуп жатат. Маселе аткарууда”, - деп баса белгиледи президент. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине объекттердин наркынын негизделгендигин карап чыгууну, каражаттарды өздөштүрүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү жана бул мектептин курулушун 2013-жылдын 15-сентябрына карата бүтүрүүнү тапшырды.