Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде лидерлигин сактап калды

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча кыздар арасындагы рейтингде лидерлигин сактап калды. Бул тууралуу UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 7-9-февралда Алжирде күрөш бюнча Африка чемпиондугу болуп өттү. Бул турнир рейтинг катары бааланып, 1-8-орунду алган балбан айымдар дүйнөлүк рейтингден упай алышты.

Кыздар арасындагы 62 килограмм салмак ченинде жалпы 7 балбан катышып, Тунис өлкөсүнөн келген Марва Амри чемпион аталды. Бул көрсөткүчү менен ал 18 упай топтоп, UWW рейтингинде 9-орунга жайгашты.

10-февралда Италиянын Рим шаарында күрөш боюнча Европа чемпиондугу башталат. Римде өтүүчү бул турнир да рейтинг катары бааланат.

UWW боюнча 62 килограмм салмак чениндеги дүйнөлүк рейтинг:

1. Айсулуу Тыныбекова - 76 упай;

2. Тайбе Мустафа Юсейн (Болгария) - 40 упай;

3. Юлия Ткачук Остапчук (Украина) - 30 упай;

4. Кайла Коллин Миракл (АКШ) - 26 упай;

5. Хенна Катарина Йоханссон (Швеция) - 25 упай;

6. Юкако Каваи (Япония) - 25 упай;

7. Йонг Сим Рим (Түндүк Корея) - 20 упай;

8. Марианна Састин (Венгрия) - 20 упай;

9. Марва Амри (Тунис)-18 упай;

10. Аминат Адении (Нигерия) - 16 упай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
murat17
2020-02-10 15:34:17
молодцы Сулуушка
+6
aerforce
2020-02-10 16:38:01
Азаматсын карындашым сенименен сыймыктанабыз
+5
rususu
2020-02-10 19:12:04
Айсулуу карындашым сага ден соолук,омур каалайм,биз сени менен сыймыктанабыз.
+4
Krai
2020-02-11 00:07:53
Биздин эркек кыздарыбыз Айсулуу менен Валентина
+2
Istina1000
2020-02-11 21:23:21
Азаматсын, Айсулуу. Сен жана Валентина мн бут кыргыз эли сыймыктанат. Дайым ийгилик силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан