"Оскар-2020" 92-сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 10-февралда Лос-Анжелестеги "Долби" театрында болуп өттү. Аземдин жүрүшүндө наам ээлери аныкталып, жарыяланган. Кызыл килемден өткөн жылдыздардын баскан-турганынан тартып кийген кийимине чейин элдин кызыгуусун жаратат. Төмөндө көз кубанткан кооз кийинген жана ийгиликсиз кийим тандаган актрисаларды тизмектейбиз.
Рене Зеллвегер
Актриса "Жуди" тасмасындагы башкы каармандын ролун аткарып, "Мыкты актриса" аталды. Ал иш-чарага "Armani Privé" даярдаган бир жеңи жок көйнөк кийип келген. Актрисанын көйнөгүнүн орточо баасы 100-200 миң доллар дешет сынчылар.
Шарлиз Терон
Актриса айым бул кара түстөгү көйнөгү менен укмуштуудай келишимдүү көрүнөт. Мындан сырткары, моюнундагы асыл мончоктор анын сулуулугуна кошумча көрк кошуп турат.
Скарлетт Йоханссон
Бүгүнкү күнгө чейин актриса өзүнүн мыкты тандоолору менен элди таң калтырууну токтото элек. Бул сезон Скарлетт үчүн чындыгында эле ийгиликтүү болду. Ар бир кызыл килемде ("Оскар-2020" кошкондо) басуу учурларында актриса айым эң стилдүү жылдыздардын катарында келе жатат. Йоханссон атлас алтын түстөгү көйнөктү кийип чыккан.
Начар көйнөктөрдү кийип келди деп сындалган актрисалардын тизмеги:
Лора Дерн
Актриса бул көйнөк менен жарашыксыз жана кунарсыз көрүнөрү сынчылар тарабынан белгиленди.
Сальма Хайек
Актриса тулку боюн ийгиликсиз чагылдырган көйнөк кийип келгендиги сындалды.
Кейтлин Девер
Кейтлин мультипликациялык каарман Жессика Рэббиттен терең таасир алганы көрүнүп турат. Тилекке каршы, таасири ийгиликсиз көйнөк тандоого түрткү болгон.
Галь Гадот
Актриса айкалыштырууга мүмкүн болбогон образда келген. Ал ачык кызгылт түстөгү көп катмардуу юбка менен тордолгон топ кийип келген. Ошондой эле эриндерин кызыл түскө боёгондугу ашыкча болуп калган дешет эксперттер.