ЖЭБ соту: Жолдошбек Назаров Аскар Акаевдин учурунда алган сыйлыгынан ажыраганын айтты

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Анда "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров сурак берди.

"Свердлов райондук соту үй-мүлкүмө арест коюудан тышкары, бардык сыйлыктардан ажыратуу тууралуу да чечим чыгарган. Мен буга макул эмесмин. 90-жылдары өлкөдө энергетикалык кризис пайда болгондо, бир топ энергетиктердин иш-аракети астында ал каатчылыктан чыгып кеткенбиз. 2001-жылы ошол эмгек бааланып "Эмгек сиңирген энергетик" деген наам алгам. Бир гана мага эмес, бир топ адамдарга сыйлык тапшырылган. Ал кезде биз бир гана энтузиазм менен иштегенбиз. Анткени айлык алчу эмеспиз, анын ордуна ун, шекер, азык-түлүк берилчү. Бул тууралуу китеп жазыш керек. Азыр тескерисинче Акаевдин учурунда алган сыйлыгымдан ажыратып жатышат. Чынында азыркы иш менен 90-жылдардагы эмгегимдин кандай байланышы бар? Логиканы көрбөй жатам", - деген Назаров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2020-02-10 22:31:21
сөздү көбөйтпөй акчаны ордуна койгула 111 млн доллар канаааа 2024-силер алган 386 млн долларды 500 млн доллар кылып кайтарабыз Кытайга
0
Asula
2020-02-10 23:20:42
chake,ооба да карызды бербесек жерибизди кесип кете беришет. А булар чет.олкого бизнес ачып бир хан сарай алып коюшса керек качканга даярданып. Баштары да оорубайт.
+1
Alimbek1000
2020-02-10 22:36:17
Булар арнерсени айтып коомчулуктун көңүлүн бургулары кеип жатат. Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат болуп жатат.
+7
Krai
2020-02-11 00:01:15
Эң туура кылган азыркы бийлик
Булар мурдараак жакшы иштегенде биз ушундай кризиске түшпөйт элек
+5
Kairat1996
2020-02-11 07:08:07
Сооронбай Жээнбеков ото чон ката кетирди. Эгер терен ойлонуп эл алдында таза иштебесе аягы жаман болот.
+3
Lui
2020-02-11 09:21:12
Мен бул адамды колдойт элем азыркы кырдаал боюнча. Чындыгында 20 жыл мурдагы алган наамына тийишпей коюшса да болмок. Азыркыны туздөп, келечек учүн кам көргөн адам барбы өзү? Кылып аткан киши болуп иш ачылганы менен эч бир жыйынтык көрө албадык. Эми ошол наамды берип жатканда бир адам эле жоопту болбосо керек, аны комиссия карап чыгат дегендей. Эл көзүнө эмес, чындап пайдалуу жумуш аткаргылачы эл өкүлдөрү...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан