Милиция кызматкери 27 жаштагы айымды зордуктап, эми ишти караган тергөөчү жабырлануучуну коркутуп жатыптыр

Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкери психикалык жактан жабыркаган жаранды зордуктап салганын бүгүн, 21-августта жабырлануучунун жактоочусу Елена Крапивина бизге билдирди. Айтымында, 19-июль түнү борбордогу батирлердин биринде жашаган жарандардын ортосунда уруш чыгып, алар милиция кызматкерлерин чакырышыптыр. Териштирүү иштери бүткөн соң милиция кызматкери 27 жаштагы Н.К. аттуу айымды зордуктайт. “Психикалык жактан жабыркаган айым коркконунан үн чыгарып, каршылык көрсөтө алган эмес. Окуядан кийин жабырлануучу “Эркиндик үнү” укук коргоо борборуна кайрылган. Мен жабырлануучунун укугун коргоп жатам”,- деди жактоочу. Кылмышка шектелип бир милиция кызматкери кармалганын, бирок Октябрь РИИБинин тергөөчүсү Шаршен Суранчиев тарабынан жабырлануучу тарапка кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. “Жабырлануучуну "арызыңды кайтарып ал" деп коркутушууда. Тергөөчүнүн бул иши боюнча 16-августта шаардык прокуратурага арыз жаздым, бирок азырынча прокуратурадан жооп келе элек”,- деди Евгения.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Gulzhan
2013-08-21 18:47:59
Окуя 19-августта туну болуп жатса,16-августта арыз жазабы.
-1
moke
2013-08-21 19:04:34
Gulzhan, жакшылап окусан боло. 19 июль деп турат.
0
Tynchtykbek84.kg
2013-08-21 19:09:50
Gulzhan, жакшылап окуп,ойлонуп жазыш керек го?Анткени жогору жакта так,даана жазылып турат!
0
kyrgizbek87
2013-08-21 19:05:48
19-июльда болгон
0
murgab2013
2013-08-21 19:44:49
aaa

0
mayoral
2013-08-21 21:12:06
Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт дечу беле
-1
begim12
2013-08-21 22:31:39
mayoral,кантип ойлонбой туруп жазасын ушундай создорду,психикалык жактан жабыркаган жаранды деп жатат,андан кийин окусан коркконунан даже ун чыгара алган эмес деп турат,анан кантип козун сузсун?бир нерсе деп жазаарда,бироону сындап атканда азда болсо ойлонгулачы,дароо жаман соз менен комуп салбай.
0
jehan
2013-08-21 21:19:54
Бул милиция кызматкерлерине ишениш жок,,,,,, алар ушунчалык таш боор кара муртоз келишет....жазасын алсын шумшук....карга карганын козун чукубайт деп.....карасан беркилердин кысым корсотуп жатканын...Ишенген кожом сен болсон кыйшыйган оозун урайын
+9
guard
2013-08-21 22:21:14
Милицияга ишенип атасынарбы, ээ алар тоногуч жана катынпоз, форманы кийип алып койрондонушуп озулору коз корунооле мыйзам бузуп журушот ко, jehan га 100% кошулам...
+2
Ura1972
2013-08-21 23:06:18
Кайра милицияга бергенче эптеп охотничий менен билгизбей атып салбайт белен. Селейип жатмак , подонок.
0
omurbek9393
2013-08-22 00:16:45
Азыркы милициялар элдин ишеничине кере албай жанын жеп жатса бул жакта алардан бироосу алардын наамын кайра эле булгап атат. Бизге эл ишенбейт деп тополон кыласынар да ким ишенсин силерге мынтип ыплас иштерди кылып атсанар.
0
miss.bonbona
2013-08-22 01:23:00
Milizia menen vrachtarga kun tuwkurluk kylbasyn.
0
Aybek777
2013-08-22 08:32:25
27 жашта болсо кыз озу макул болгон болсо керек. Иш буткондон кийин акыл уйроткон акылдуулар кобойуп кетсе керекда
0
otin
2013-08-22 09:28:54
Милиция эмине адам эмесби?.... тигиниси повод берсе албетте жибин узот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан