Массалык жаңжал орун алган Казакстандын Масанчи айылынын бүгүнкү күнгө карата тартылган видеосу интернетке тарады. Видеону Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги жарыялаган.
Анда 7-февраль күнү кечинде тургундар ортосунда чыккан жаңжалдан улам айылдагы 30га жакын турак үй, 31 коммерциялык объект жана 41 автоунаа күйгөндүгү айтылат.
Окуянын чоо-жайы:
7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.
8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.
9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштаганы маалымдалды.