Москвада "Ырдайлы Рыспайдын ырларын" аталышындагы сынак өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды

Москва шаарында Орусиядагы мекендештер арасында “Ырдайлы Рыспайдын ырларын” аталышындагы музыкалык сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу Орусиялык элчиликтен билдиришти.

"9-февраль күнү Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Аликбек Жекшенкулов белгилүү обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган таланттуу мекендештерибиздин арасында өткөрүлгөн “Ырдайлы Рыспайдын ырларын” аттуу кароо-сынакка катышты. Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан уюштурулду.

Сынакка 7 байге коюлуп, баш байгеге Алмаз Ибраимов татып, 20 000 рубль жана сыналгыга ээ болду. 1-орун - Алтынбек Тотуев (15 000 рубль, кол саат); 2-орун - Өмүршер Кубанычбек уулу (10 000 рубль, кол саат); 3-орун - Жаркынай Дүйшөналиева (8000 рубль, кол саат) алышты. Ошондой эле кийинки үч орунга да кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан сынакка 32 талапкер катышты. “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан катышуучулардын баарына белектер тапшырылды. Кыргыздын улуттук символу болгон ак калпак жана ак жоолук тартууланды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан