Бишкек шаардык мэриясы борбордо чакан эс алуучу жайлар курулуп жаткандыгын билдирди. Алардын бири Чүй проспекти менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Калык Акиевдин эстелигинин айланасы. Эстеликтин тегерегине 5 орундук, 4 тышкы жарык берүү каражаты коюлуп, эс алууну каалагандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Жакын арада бул жер жашылдандырылат.
Ал эми Айни-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде да эс алуу чакан аймагы уюштурулду. Аталган көчөдө жайгашкан “Байчечекей” соода комплексинин айланасы тазаланып, ирээтке келтирилди. Ал жерге 11 жаңы орундук, 4 жаңы тышкы жарык берүү каражаты, 9 жаңы таштанды үкөкчөлөрү орнотулган. “Жакынкы убакта чакан эс алуу аймагы жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт. Соода борборунун айланасына гүлдөр үчүн идиштер орнотулуп, ага гүлдөр отургузулат жана көчө жарыктары орнотулат”,- деп билдиришти мэриядан.