Бүгүн, 11-февралда Ташкентте өтүп жаткан "International Solidarity Championships" эл аралык турниринде кыргыз оор атлетчиси Эмил Молдодосов килемге чыгат.
Ташкентте өтүп жаткан бул турнир рейтинг катары бааланып, спортчулар алган упайына жараша дүйнөлүк рейтингден орун алып, "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алышмакчы.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан Эмил Молдодосов жана Бекдөөлөт Расулбеков катышып жатат. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды.