Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсонго каршы беттешке даярдануу үчүн АКШга кетти

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кезектеги атаандашы америкалык Тони Фергюсонго каршы беттешке даярдануу үчүн АКШга кечээ, 10-февралда учкан. Бул тууралуу мушкер "Global Fighting Championship" турнириндеги маалымат жыйында билдирген.

"10-февралда АКШга UFC 249 турнирине даярдануу үчүн учуп кетем. Бардыгыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат", - деп билдирген орусиялык мушкер.

Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 18-апрель күнү Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында негизги беттеш катары өтөт. Буга чейин эки мушкердин беттеши 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
yrmat88
2020-02-11 15:19:25
Дагестанда даярданса болбойбу.
-1
Islambek123
2020-02-11 15:23:25
Бул жакта эле дайарданса болбойбу?кантсе да ийкилик.
-3
kushu_bek
2020-02-11 19:02:13
Тони Хабибди женсе сонун болмок.
Конор менен Тонинин беттеши ото сонун отмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан