Америкалык кинорежиссёр Спайк Ли "Оскар-2020" сыйлык тапшыруу аземине баскетбол жылдызы Коби Брайанттын элесине арнап костюм-шым кийип келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Спайк Ли бул аземге "Лос Анжелес Лейкерс" клубунун формасынын өңү болгон сыя-көк түстөгү костюм-шым кийип, 24 деп жаздырып келген. Брайант "Лос Анжелес Лейкерс" клубунда ушул номерде ойночу.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк баскетбол жылдызы Коби Брайант ушул жылдын 26-январь күнү тик учак кырсыгынан каза болгон.