Орусиялык мурунку теннисчи Анна Курникова менен атактуу испаниялык ырчы Энрике Иглесиастын үчүнчү наристеси жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жылдыздардын үйүндө толуктоо болгону тууралуу ырчынын агасы Хулио Иглесиас (кичүүсү) билдирди. "Менин иним эми 3 баланын атасы болду. Ал аябай бактылуу", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, Энрике Иглесиас менен Анна Курникова 2002-жылы ырчынын "Escape" аттуу ырына клип тартуу учурунда таанышкан. 2017-жылы Николас, Люси аттуу эгиз уул-кыздуу болушкан.