Айсулуу Тыныбекова Индиянын Нью-Дели шаарында боло турган күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенженбаев билдирди.
Кенженбаевдин билдирүүсүндө, кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 кыз катышат. Жалпы кыздар арасында 10 топтом медаль ойнотулат. Турнир 20-21-февраль күндөрү өтөт.
Кыздар арасындагы Азия чемпиондугуна барчулардын тизмеси:
1. 57 килограмм салмакка чейин - Нураида Анаркулова
2. 59 килограмм салмакка чейин - Назира Марсбек кызы
3. 62 килограмм салмакка чейин - Айсулуу Тыныбекова
4.76 килограмм салмакка чейин - Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.