Любовь Малыгина аттуу орусиялык айым америкалык Lenox Hill аттуу элиталык төрөтканада дарыгерлердин шалаакылыгынан эгиз балдарын жоготуп алганын айтып чыкты. Ал окуя тууралуу социалдык баракчасына жазган.
"Тилекке каршы, күтүлбөгөн кырсыктан эч ким сактанган эмес. 21-кылымда Нью-Йорктун алдыңкы ооруканаларынын биринде медициналык шалаакылык орун алат деп ойлогон эмесмин.
Биз төрөтканага жакшы маанайда келгенбиз. Кандай коркунуч болбосун заманбап техникалар орнотулган төрөткананын адистери жардам көрсөтөт деп ишенгенбиз. Ыйынган учурда акушерлер жатындын айрылып кеткенин байкашпаптыр. Ар бир секунд баалуу болуп, балдарды тез арада алып чыгуу керек болгондо, дарыгер бизди палатага жалгыз таштап чыгып кетти. Мен наркоз алган эмесмин, андыктан оорунун баарын сезип жаттым. Медайымды чакырсам, келип-кетип эч нерсе кыла алган жок. 40 мүнөттөн кийин дарыгерлер келип, УЗИге тартып, мени операция бөлүмүнө алып кетишти. Ал учурда кеч болуп калган эле...
Мен адилеттүүлүккө жетким келет. Эгиз балдарымды, тилекке каршы, эми кайтара албайм. Бирок биз мындан ары мындай окуя кайталанбашы үчүн башкаларга жардам бере алабыз. Биз дарыгерлердин күнөөлөрүн далилдеп, адилеттүүлүккө жетебиз деп үмүт кылам. Мага балдарымды көрсөтүштү. Түнү бою алардын жанында болдум. Мен алардан кош бойлуу кезимде мага бакыт тартуулаганы үчүн рахмат айтып, аларга ыйлабайм, жашоомду улантам деп сөз бердим. Баары үчүн кечирим сурадым. Алар биздин жашообузга капыстан келгендей эле кетип калышты. Мен аларды түбөлүккө коё бердим", - деп жазган.
Любовь Малыгина кош бойлуу кездеги сүрөттөрү менен активдүү түрдө социалдык тармак аркылуу бөлүшүп келген. Анын жолдошу экөөнүн ортосунда 1 уулу, 1 кызы бар.