Казакстандын Масанчи айылындагы массалык жаңжалдан улам жаракат алгандардын саны өстү. Бул тууралуу казак басылмалары Алматы шаардык ооруканасында өткөн жыйында айтылганын маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 182 адам түрдүү жаракаттарды алган. Алардын 41и стационардык дарыланууда, алардын ичинен 5 бейтаптын абалы оор.
"Жаңжалдын кесепетинен жалпысынан 182 адам жаракат алышкан. Көпчүлүгүнүн жаракаты жеңил болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата Алматы шаарындагы ооруканаларда 29 бейтап жатат, анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми Жамбыл облусундагы ооруканаларда 12, алардын бири Кордай районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Дагы 10 бейтап санавиация менен Кыргыз өлкөсүнөн Алматы шаарына алып келинген. Жабыркагандардын эң кичүүсү 17 жашта, ал эми эң улуусу 77 жашта", - деп билдирген Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Камалжан Надыров.
Окуянын чоо-жайы:
7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.
8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.
9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштаганы маалымдалды.
Массалык жаңжалга байланыштуу 25 кылмыш иши ачылды.