Кош бойлуумун деп жүргөн бейтаптын курсагынан 6 килограммдык шишик алынган

Британиялык Уолтем Кросс шаарынын жашоочусунун курсагынан 6 килограмм шишикти алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

22 жаштагы Кэти Холмс 2016-жылы сентябрь айында кусуп, ичи катуу ооруп, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер аны гастроэнтерит (ичегинин шамалдашы) болушу мүмкүн деп, дары жазып беришкен. "Мен ар эки апта сайын ооруканага бирдей эле оору менен кайрылып жүрдүм. Дарыгерлер мага ар кандай дарыларды жазып берип жатышты. Бирок бири да жардам берген жок", - деген Кэти.

3 аптадан кийин анын башы катуу ооруп, алсырап баштаган. Ага кошумча курсагы да чыгып калган. Кэти курсагынан улам өзүн кош бойлуу экенмин деп жүрө берген. Декабрь айында ичи чыдатпай ооруп, ооруканага келгенде дарыгерлер УЗИге тартып көрүшүп, энелик жумурткасында 6 килограммдык шишик бар экенин аныкташкан. 2017-жылы январь айында ага операция жасалып, шишик менен кошо бир энелик жумурткасын алып салышкан. Бактыга жараша, рак клеткалары башка органдарга жайыла элек болуп, Кэти учурда толук кандуу жашоого кайтып келген. Жадакалса ал жакында кыздуу болгону айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Migrant-rf
2020-02-12 13:43:19
Өлө албай жатып селфи кылат жетеш.
-2
Jannat.dm
2020-02-13 01:44:35
Migrant-rf, ахмак бироону жамандап куноокор брлуп жатканынды билдин бекен.
0
Girl1996
2020-02-12 20:48:23
Ою жакшы болгон болчуда, эне болом деп суйунгондур
0
arno2008
2020-02-12 23:46:58
Кудай сактаптыр.Биз да кудайдын сүйгөн пендеси бололу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан