Австриянын Вена шаарынан учуп чыккан учкуч Стамбулга эс учун жоготкон абалда конду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Pegasus" авиакомпаниясына таандык Boeing 737-82R учагы Австриянын борбору Вена шаарынан Стамбулга учуп чыккан. Учкуч Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортуна конуу алдында эс-учун жоготкон. Экинчи учкуч бул тууралуу өзгөчө кырдаал жарыялап, учакты өз алдынча жерге кондурган. Учкучту дароо "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Дарыгерлер учкучтун абалы канааттандырарлык экенин айтышкан.
Маалыматка ылайык, 5-февралда "Pegasus" авиакомпаниясына таандык учак конуу учурунда үчкө бөлүнүп кетип, 3 адам каза болуп, 179 адам жабыркаган.