Ташкентте өтүп жаткан эл аралык турнирде кыргыз оор атлетчиси килемге чыгат

Бүгүн, 12-февралда Ташкентте өтүп жаткан "International Solidarity Championships" эл аралык турниринде кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков килемге чыгат.

Бул турнир рейтинг катары бааланып, спортчулар алган упайына жараша дүйнөлүк рейтингден орун алып, "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алышмакчы.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бекдөөлөт Расулбеков 1-5-февраль күндөрү Иранда өткөн "International Fajr Cup" эл аралык турниринде алтын медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан