Ак-Бата жаңы конушунан 2,5 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарындагы Ак-Бата жаңы конушунан 2,5 килограмм баңгизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бүгүн, 22-августта Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран 23 жаштагы Т.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактоо жана сатуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкек ШИИБинин убактылуу камоочу жайына камалды. Учурда кылмышка катыштыгы бар башка тараптарды иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан